15:43
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

COVID-19 менен ооруган дарыгерлердин арызын кабыл алуу токтотулду

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус боюнча кенемте сурап кайрылган дарыгерлердин арызын кабыл алууну токтотту. Бул тууралуу 31-мартта «Биринчи радионун» эфиринде саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Айтымында, мындан ары андай арыздар ар бир мекеменин өзүндө каралат жана чечим ошол жерден кабыл алынат.

Бейшеналиев билдиргендей, жалпысынан 2 миң 600 протокол каралып, 1137 медицина кызматкерине 200 миң сомдон кенемте төлөнүп берилди. Каза болгон 32 дарыгердин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон төлөндү.

Министрдин айтымында, азыр дагы 250-300 протокол каралып жатат, калгандары кайтарылып берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби