08:26
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Дарыгер рак оорсуна кабылган бейтаптардын каталары тууралуу айтып берди

Кыргызстандыктар өздөрүн онкология адиси катары көрсөтүп, айыктырууга убада берген ар кандай көзү ачыктарга, табыптарга кайрылганды жакшы көрүшөт. Бул тууралуу журналисттерге Улуттук онкология жана гематология борборунун радиациялык гинекология бөлүмүнүн башчысы Чынара Батырканова билдирди.

Анын айтымында, аялдар аларга баруу менен акчаларын, эң башкысы — баалуу убактысын жоготушат. Бул убакыттын ичинде алар стационарда дарылануудан өтүп, ооруканадан чыкканга үлгүрүшмөк.

«Анан онкологияга өтүшүп кеткен баскычта келишет. Бул өтө чоң көйгөй. Рак экени белгилүү болуп, диагноз тастыкталгандан кийин да бейтаптар болбой эле табыптарга барып, үч-алты айдан кийин айыга албай кайра келишет. Табыптардын дарылоо ыкмасы бейтаптардын абалын начарлатат. Анткени алар ууларды, авиациялык керосинди, уринотерапияны, кытай дарыларын жана башкаларды колдонушат. Анын үстүнө уулуу фактор таасир этет», — деди Чынара Батырканова.

Ал дарыгерлерге ишенбөөчүлүк калктын сабаттуулугунун төмөндүгүнөн көз каранды экенин белгиледи.

Журналисттердин дарыгерлерге кайрылууну каалабагандык алардын оройлугу менен байланыштуу эмеспи деген суроосуна бөлүм башчы мындай деп жооп берди: «Андай эмес. Эгерде аял дарыгерге кайрылгысы келсе, анда ал кайрылат. Өтө сезимтал болуунун кереги жок. Эгер сиз бир доктурга барып, каалаганыңызды ала албасаңыз, анда экинчисине барышыңыз керек».

Эскерте кетсек, Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагы тууралуу маалымдоо айы башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар