13:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2024-2025-жылдары стационардагы дарыгерлердин айлыгы көтөрүлөт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нилуфар Алимжанова стационардагы дарыгерлердин айлык акысынын аздыгы боюнча кайрылуулар түшүп жатканын билдирди.

«1,25 ставка менен иштеген дарыгерлердин айлыгы 11 миң сом чыгыптыр. Бул региондо. Алардын айлыгын көтөрүүнү пландалып жатабы?», — деп сурады депутат.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 2024-2025-жылдарга өкмөт дарыгерлердин маянасын көтөрүү маселесин карап жатканын айтты.

«Азыркы кезде стационардагы дарыгерлердин айлыгы 18 миң сом. Эмгек стажы жок ишке орношкон жаш адистер 11 миң сомдон 15 миң сомго чейин алып жатышат. Бирок аларга кошуп берүүнү карап жатабыз», — деп белгиледи ал.

Депутат айлык акыларды көбөйтүп, аймактардагы жаш адистерди кармап калуу керектигин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар