15:15
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Кызыл зонада өткөн бал айы. Жаш жубайлар бейтаптарды дарылоого жардам беришүүдө

Улуттук фтизиатрия борборунун кызыл зонасына жаш врач-фтизиатр Болот Кырбашев жана анын жубайы медайым Алия Сулайманова жумушка чыгышкан. Бул тууралуу саламаттык сактоо уюму Facebook баракчасында жарыялады.

интернеттен алынды
Фото интернеттен алынды. Дарыгер Болот Кырбашев менен жубайы Алия Сулайманова

«Жумушту аябай оор деп айтып жатышат, өзгөчө коргонууучу костюм менен иштөө ыңгайсыз экенин айтышты. 14 күн бою жабык имаратта камалуу психологиялык жактан дагы оор сокку болору сезилип жатат. Бирок мен баары жакшы болоруна ишенем. Биз өлкөбүз мындай кырдаалга туш болгондо четте карап гана тим болбостон, жардам беришибиз парз. Алия экөөбүздүн баш кошконубузга аз эле болду. Башында ал макул болобу деп сары-санаа болуп жаткам. Бирок жакшы жана жаман жагын калчап көрүп, бир бригада болуп иштөө чечимин кабыл алдык. Жакын адамыңдын жаныңда болуусу психологиялык жактан өтө чоң колдоо болот деп ойлойбуз. Андыктан бал айыбызды кызыл зонада өткөрөбүз», — дейт Болот Кырбашев.

Алия Сулайманова жолдошу жанында болсо жеңил болорун баса белгиледи.

«Кыйын кырдаалда бири-бирибизди колдойбуз, өзүбүздү бирге коргойбуз, жуктурбоого жана башкалардын жугузуп албоосуна аракет кылабыз. Бизди алгач коронавирус бөлүмү, жеке коргонуучу каражаттарды кантип колдонуу керек жана туура чечүүнү, айлананы кантип тазалоо керек ж.б. тартиптери тууралуу окутушту», — дейт ал.

Борбор медициналык кызматкерлердин алтынчы тобу эки жумадан бери нөөмөттө иштеп жаткандыгын баса белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар