15:07
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

COVID-19. Дарыгерлерге компенсация төлөө үчүн бюджеттен 243 миллион сом бөлүндү

Республикалык бюджеттен коронавирус инфекциясын (COVID-19) жуктуруп алган жана анын кесепетинен каза болгон 1 миң 165 медициналык кызматкерге бир жолку акчалай компенсация төлөөгө 243 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Буга чейин медициналык кызматкерлер компенсация төлөөгө байланыштуу көйгөлүү маселелер боюнча митингге чыгышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар