02:46
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кубатбек Боронов: Кытайдан 500 ИВЛ аппарат алынып келинет

Кытайдан 500 жасалма дем алдыруучу аппарат алынып келинет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Кытайдан 500 аппарат сатып алды. Дагы 500 аппарат сатып алуу пландалууда.

«Учурда Бишкекте 572 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. 500 аппараттын акчасы төлөндү. Эртең саат 10:30да Бишкекке учак менен алып келинет. Дагы 500 ИВЛ аппарат сатып алуу пландалууда. Каражат жетиштүү», — дейт Кубатбек Боронов.

Жакынкы күндөрдө Бишкек шаары толугу менен жасалма дем алдыруучу аппарат менен камсыздалат.

Эске сала кетсек, ИВЛ аппаратынын муктаждыгынан улам шоу-бизнес өкүлдөрү дагы сатып алууга кол сунушууда.

Эң көп окулган жаңылыктар