23:46
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектеги жана Оштогу ооруканаларда орундар кеңейтилет

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык мекемелерине кайрылган жарандардын санынын кескин көбөйүшү коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылат. Бул тууралуу республикалык штабдын маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков билдирди.

Ал жарандарды социалдык аралыкты сактоого жана зарыл болбосо үйдөн чыкпай турууга чакырды.

«Коомчулукта чалуу борборунун линиясы бош эместиги, мобилдик топтордун жана тез жардам унааларынын көпкө кармалышы тууралуу ар кандай сын-пикирлер айтылууда. Бул жаатта медициналык кызматтар жана мекемелер жеткиликтүү кызмат көрсөтүү үчүн мүмкүн болгон бардык чараларды көрүшөт. 118-линиясынын кубаттуулугун чыңдоо тууралуу жана медициналык мекемелердеги орундардын санын көбөйтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин органдарына Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу боюнча сапаттуу иштерди жүргүзүшү керек экендигин белгилегим келет», — дейт Алмазбек Баатырбеков.

Жергиликтүү бийликтин органдары аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалга жооп беришет.Алмазбек Баатырбеков 

Штабдын жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров, Бишкек жана Ош шаарында жаңы байкоо аянтчаларын түзүлүп, жарандарды дарылоо үчүн жайлар даярдалып жаткандыгын айтты.

Республикалык штаб санитардык эрежелерди сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды мүмкүн болушунча коомдук жана эл көп жүргөн жерлерге барбоого үндөдү.

Мындан сырткары, жарандарга ар бир барган жеринин дарегин жана жолугушуулардын убактысын тактап алуу сунушталууда. Себеби бул маалымат менен кийин эпидемиологиялык изилдөө жүргүзгөн учурда оңой эле аныктап алууга болот.

Кыргызстан боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 3 миң 519га жетти. Алардын ичинен 2 миң 54 адам айыккандар.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума