18:55
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Парламенттик жана жергиликтүү шайлоо бир күндө өткөрүлүп калышы мүмкүн

Жогорку Кеңеште жергиликтүү жана парламенттик шайлоону бир күндө өткөрүү сунушталууда. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турурскулов жыйында билдирди.

Ал БШК төрагасынан бул иште канча акча үнөмдөлө тургандыгын сурады.

«Биз республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алдык. Бекитилген мыйзамда парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн 560 миллион сом, ал эми жергиликтүү кеңешке 56 миллион бөлүнгөн. Өзгөчө абал режиминен улам жергиликтүү шайлоого даярдык көрүү токтотулган, бирок буга чейин 30 миллион сом сарпталган», — деп жооп берди Нуржан Шайлдабекова.

Ал белгилегендей, бир күндө добуш берүү менен чыгымдарды үнөмдөө мүмкүн, бирок башка жагдайларды эске алуу керек. Тактап айтканда, жарандардын ден-соолугунун коопсуздугун.

Депутат Марлен Маматалиев БШКнын жетекчисинин пикирин колдоо менен бирге маселе бир гана каражатта эмес, ден-соолукта экенин билдирди.

«Учурда коронавирустун жайылуу коркунучун баарыбыз тең көрүп турабыз, аны менен катар элди кайра-кайра шайлоого мажбурлабай октябрда бир убакта өткөрүлүшү керек», — деп баса белгиледи.

Нуржан Шайлдабекова БШК бул маселени мыйзамын негизинде карап чыгууну убада кылды.

Эске сала кетсек, шайлоо Ошто, Караколдо, Балыкчыда, Токмокто жана 25 айылдык кеңешке болот. Шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия арыз калтырышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар