05:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жергиликтүү депутаттык шайлоону жазгыга жылдыруу сунушталууда

Токмок шаардык кеңештин башчысы Тилек Солтобаев 2020-жылы күзгө пландалып жаткан жергиликтүү кеңешке шайлоону 2021-жылдын жаз айларына жылдыруу өтүнүчү менен БШКга кат жазды. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымында, Токмок шаардык кеңештин ыйгарым укуктарын жасалма түрдө узартууга мыйзам жол бербейт, мындан тышкары шайлоо процессин токтотуу үчүн өлкөдө өзгөчө абал, согуш абалы эмес.

Гүлнара Журабаева бул кат күмөндүү эсептейт. Жергиликтүү депутаттардын баары шайлоону 2021-жылдын жазына жылдырууну суранып жатышабы же бул Токмок шаардык кеңештин каалоосубу түшүнүксүз.

«БШК эпидемияык кырдаалга карата республикалык штабдын билдирүүсү менен жарыя чыгарып, жылдырышы мүмкүн. Биз жакында эле УШК мүчөлөрүнүн жана шайлоочулдардын карантиндик шартта коопсуздугун камсыздай алабызбы деп эксперимент өткөрдүк. Натыйжада 5-10 мүнөт сайын шайлоо учурунда дезинфекция кылып турса болот. УШК курамы 4-5 адамдан туруп, саатына 200гө жакын шайлоочуларды кабыл алса болот. Андыктан баардык санитардык нормаларды сактоо менен шайлоону өткөрө алабыз», — дейт Гүлнара Журабаева.

Эске сала кетсек, шайлоо Ошто, Караколдо, Балыкчыда, Токмокто жана 25 айылдык кеңешке болот. Шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия арыз калтырышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар