Казакстан Россия менен чек арасында калган кыргыз жарандарын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, Кыргызстандын жүзгө жакын жараны россия-казакстан чек арасынын ачылышына чейин Соль-Илецктин мейманканаларына жайгаштырылды.
«Учурда 100гө жакын жаран Соль-Илецк ш. мейманканаларына жайгаштырылды, 3 үй-бүлө жубайлары Соль-Илецк ш. мусулмандар башкармалыгынын колдоосу менен жайгаштырылды, 15ге чукул айдоочу өз каалоосу менен автоунааларында калууда», — деп айтылат маалыматта.
Штабдын айтымында, буга чейин казак тарапка кыргыз жарандарына транзиттик өткөрмө уюштуруп берүү сунушталган. Бирок, Казакстандан баш тарткан.