Ноокатта кичи ажылыкка барып келгендердин ичинен дагы 2 жарандан коронавирус аныкталды. Алар 12-13-мартта Сауд-Арабиядан келишкен. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Маалыматка таянсак, коронавируска чалдыккандар 1960-жылы туулган аял менен эркек киши. Алар Ноокат районунун тургундары.
Эске сала кетсек, Ноокат районунан дагы 2 кыргызстандык жарандан коронавирустун симптомдорун тастыкташты. Кыргызстандан жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 16га жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Сауд Арабияга кичи ажылыкка барып келгендер. Учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал тартиби күчүндө.