19:21
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аскар Салымбеков жалпы 130 миң медициналык маска сатып берет

Коомдук ишмер Аскар Салымбеков 100 миң медициналык маска сатып алууга каражат бөлүп берерин билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, ишкер Аскар Салымбеков «Дордой» ассоциациясынын штабын түзөөрүн кошумчалаган.

«Тилекке каршы коронавирус бизге да келди. Бул илдет менен күрөшүү үчүн биз «Дордой» ассоциациясынын штабын түзүүнү туура көрдүк. Түзүлгөн штаб, өлкөдө коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн Республикалык штабга 100 миң медициналык маска сатып алуу үчүн каражат которот. Буга катар, Бишкектеги «Тазалык» ишканасынын кызматкерлерине 30 миң бет кап сатып алууга каражат бөлөбүз», — деп жазган Аскар Салымбеков.

Аны менен катар, «Өзүңөрдү карагыла, биз биргебиз!», — деген чакырык менен дүрбөлөңгө алдырбоого жана чектөөлөрдү, дарыгерлердин айткандарын так аткарууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар