05:56
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сооронбай Жээнбеков өлкө жарандарын тартипти катуу сактоого чакырды

Сооронбай Жээнбеков өлкө жарандарын тартипти катуу сактоого чакырды. Бул тууралуу президент видео аркылуу кайрылууда айтты. 

Өлкө башчысы коронавирусту алдын алуу керектигин жана дүрбөлөңгө түшпөй тартипти катуу сактап, ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарып, аш-той, оюн-зоок, мааракелерерди токтотуп турууну баса белгиледи.

«Азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын запасы жетиштүү. Бул товарлар менен калкты туруктуу камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тынымсыз иштеп жатат. Кооптонууга себеп жок. Бүгүнкү кырдаалга өтө жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек.
Дүрбөлөң салууга, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылгандар, тамак-аштын жана дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндөр көз жаздымда калбайт. Тиешелүү жоопкерчилигин тартат», — деди Сооронбай Жээнбеков. 

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска карата ЖОЖдор, мектептер жабылып, чек аралар, өткөрүү пункттары, аэропорттор катуу кайтарылган тартип менен иштеп жатат. Коомдук тартипти сактоо, өлкөнүн аймагына кирип-чыгуу иштери күчөтүлгөн тартипке которулду.

Бүгүн 3 кишиден вирус аныкталды. 

Эң көп окулган жаңылыктар