Жалал- Абад шаарында умрадан келген 3 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.
Буга чейин Сауд Арабия коронавирус коркунучу бар өлкөлөрдүн 1-категориясына кире элек болчу.
Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алган жарандар Сузак районунун тургундары. Алар жакында эле Сауд Арабиядан, умрадан келишкен. Илдетке чалдыккандар Жалал-Абад шаарындагы ооруканага жаткырылды.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда буга чейин коронавирус катталган эмес. Ал эми коңшу өлкөлөрдө илдетке чалдыккандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.