20:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте коронавируска каршы мечиттер дезинфекцияланууда

Коронавируска каршы Бишкекетеги мечиттер дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

 “68 мечиттин баардыгында тең эки жолкудан дезинфекциялоо жүрөт”, - дейт муфтият.

Маалыматка ылайык, бүгүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери Бишкек шаардык борбордук мечитти карап чыгышкан.

 Буга чейин муфтият COVID-2019 коронавирусуна байланыштуу жума намазга келгендерди тыюууга мумкүн эместигин билдирген. Бирок, мечиттерди дезинфекциялоону жана коронавирусу боюнча жума намазга келген жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү имамдарга табыштаган.

Эске сала кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавируска каршы массалык топтолуучу жайларга барбай турууну сунуштаган. 

Эң көп окулган жаңылыктар