13:05
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Назарбаевдин небереси Британиядан саясый башпаанек сурады

Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан Улуу Британиядан башпаанек сурады. Бул тууралуу ал facebook баракчасына жазды.

Айсултан Назарбаев апасы Дарига Назарбаева менен араздашып жүргөнүн кабарлаган.

Анын айтымында, кайынатасы Кайрат Боромбаевды коргоп Дарига Назарбаева менен анын жолдошу Кайрат Шарипбаевдин каарына калган.

«Бул жерде казак газынын болбогон акча үчүн «Газпромго» сатылышы боюнча кеп болууда. Андан түшкөн акчаны Тимур Кулибаев менен Кайрат Боромбаев бөлүп алат. Апам менен кайынатамдын ортосундагы тирешүү аягында Кайрат Боромбаевдин пайдасына чечилди. Апам менен анын күйөөсүнүн таасири азайды. Мына ушуну Дарига Назарбаева бүгүнкүгө чейин кечирбейт», — дейт ал.

Айсултандын айтымында, ал баңги затка берилип кеткенде таятасы Нурсултан Назарбаев Москвага дарыланууга жиберген. Бирок, келгенден кийин Дарига Назарбаева уулуна басым көрсөтүп, казак эл башчысын дагы Айсултанга каршы тукурууга жетишкен.

«Мага күчтөп баңги зат сайып, Россиядагы абактардын бирине 14 ай камап коюшту. Мен ал жактан Алинур Мусаевдин жардамы менен эркиндикке чыга алдым. Бул кадамды таятам дагы кечирген жок. Ал мага жеке жолугушууда «сен жаңы үй-бүлө» таап алыпсың деп айтты. Андан кийин аялым ажырашууну талап кыла баштады. Банктагы эсептеримди жабышты. Апамдын талабы менен паспорттогу фамилиямды өзгөрттүм», — деп жазат Айсултан Назарбаев.

Айсултан апасынын айдоочусу Лондондогу меймканадан анын паспортун уурдап кеткенин айтат. 

Эң көп окулган жаңылыктар