21:46
USD 76.92
EUR 91.10
RUB 1.05

Назарбаевдин небереси оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыш издөөдө

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан оппозиционер Мухтар Аблязов менен байланыш издөөдө. Ал өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу куугунтуктагы саясатчыга кайрылып, телефон чалуусун өтүндү.

Дарига Назарбаеванын уулу Айсултан Назарбаев акыркы 2-3 күндүн ичинде соцтармактагы баракчасына кызыктуу билдирүүлөрдү чыгарууда.

Маалыматка караганда, ал Лондон Priory Hospital Hayes Grove ооруканасында дарыланууда. Ал өзүнүн телефон номурун дагы ачык көрсөткөн. Бирок, кийинчерек кайра номер тыңшоого алынгандыгын кабарлаган.

«Эми алар мени же өлтүрөт, же акылынан айныган киши катары көрсөтөт. Атам сыяктуу камерада асып кетишет», — дейт ал.

Андан кийин Айсултан өзүнүн Нурсултан Назарбаевдин небереси эмес, уулу экендигин ачыктаган.

«Апам дайым тайатамды илмекте кармап келген, себеби мен анын уулумун», — деп жазат Айсултан.

Бул маалыматты ал видео интервьюда журналисттерге дагы ырастаган.

«Мен бул боюнча жакында эле билдим. Бирөө айтты. Көпкө ишене алган жокмун. Бирок, мен үчүн Рахат Алиев ата бойдон калат, анткени, ал мени тарбиялап бул жашоого даярдады», — деди ал.

Айсултандын айтымында, кечээ аны уурдап кетүүгө, кармоого аракет кылган.

«Мен жашынып жүрөм. Азыр апам Дарига менин уулум аркылуу мага кысым кылууга аракет жасоодо», — дейт ал.

Айсултан Назарбаев өлөр алдында тайатасы менен көрүшкүсү келет.

«Апам өзү президенттик орунга олтургусу келет. Мен ага жолтоо болуудамын», — дейт ал.

Айсултан Назарбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, Сенаттын учурдагы төрайымы Дарига Назарбаева менен маркум Рахат Алиевдин экинчи уулу. Ал Британиядагы Падышалык аскердик академияны аяктаган. Кийин Казакстанга келип Футбол федерациясын жетектеп турган.

Былтыры ал баңги зат колдонгонун мойнуна алып, ага каршы күрөшүүгө Нурсултан Назарбаев жардам бергенин жарыялаган. Кийин соцтармактагы баракчасына Россияда ооруканада күч менен кармалганын жазган.