20:28
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эгер өлкөдө коронавирус каттала турган болсо, ОРВИ сыяктуу дарылашат

Кыргызстанда коронавирусту курч мүнөздөгү вирустук инфекция (ОРВИ) сыяктуу эле дарылашат, анткени алардын белгилери окшош. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин адиси Динара Оторбаева билдирди.

Анын айтымында, Кытайдан кайтып келишкен студенттердин баарынан лабораториялык изилдөө үчүн анализдери алынды.

«Кыргызстанда коронавирус катталбагандыктан эл көп чогулган жайларда эч кандай санитардык тазалоо иштери жүргүзүлбөй эле. Учурда ОРВИнин сезону, ал эми жаңы вирус катталган жок», — деди Динара Оторбаева.

Анын айтымында, эгер коронавирус менен жабыркаган бейтап каттала турган болсо, аны ОРВИ менен ооругандарды дарылоо ыкмасы менен дарылашат.

«Коронавирустун өзгөчө дарысы жок. Вакцина түзүү үчүн дүйнөдө окумуштуулар иштеп жатышат», — деди адис.

Кытай бийлиги оору күчөп баратканына тынчсызданууда. Маалыматтарга караганда, өпкөнү сезгентүүчү вирус тездик менен жайылып, Кытайдын өзүндө эле 2 миң 300дөй киши ооруга чалдыкты. Өлгөн адамдардын саны 100дөн ашты.

Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь жолугушуп, жаңы типтеги коронавирус тарап жатканына байланыштуу маалыматтарды ыкчам алмашып турууну макулдашкан.

Ухань шаарында Кыргызстандын 15 жараны бар. Алардын 14ү студенттер жана бирөө жеке ишкер.

Эң көп окулган жаңылыктар