13:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Президент: Эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарыл

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Бул тууралуу ал Кытай аймагында жана башка өлкөлөрдө жайылып бара жаткан жаңы коронавируска байланыштуу кырдаалды талкуулоо боюнча кеңири курамдагы жумушчу кеңешмеде айтты. 

Маалыматка ылайык, кеңешмеде вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Учурда республика боюнча бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган эмес, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункттардын адистери тарабынан ишке ашырылууда.

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү Ухань шаарында. Кыргыз Республикасынын Кытайдагы элчилиги алар менен туруктуу байланышып жатат.

Президент зарыл болгон бардык алдын-алуу чараларын күчөтүүгө чакырды, азыркы кырдаал тууралуу так эмес маалыматтарды таркатууга жол бербөө максатында өлкө калкын дайыма маалымдоонун маанилүү экенин баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар