10:31
USD 84.87
EUR 91.65
RUB 1.10

Бишкекте кишини сүзүп алдым, акча керек деген алдамчы кармалды

Жактоочу Бактыбек Жумашев өзүн уулу деп тааныштырып, бирөөнү унаасы менен сүзүп алганын жана ага 200 доллар таап берүүнү талап кылган алдамчынын сүйлөшкөн сөзүн соцтармакка жарыялады. 

Анын айтымында, алдамчы милиция тергөө иш-чарасын жүргүзбөө үчүн жок дегенде 14 миң сом керек деген. Бактыбек Жумашев сүйлөшкөн киши уулу эмес алдамчы экенин дароо аңдап, керектүү сумманы таап берүү үчүн 1 саат убакыт берүүнү суранган.

«Биринчи кезекте милицияга чалып, жагдайды түшүндүрдүм. Беш мүнөттөн кийин Биринчи май РИИБнын ыкчам тобу мени менен байланышып, жолуктук. Бере турган акчаны даярдап, 1 сааттан кийин чалган алдамчыга акча даяр экенин айттым. Бир мүнөт өтпөй алдамчынын чабарманы чалып, акчаны алганы келгенде кармалды», — деп жазган ал.

Биринчи май РИИБ окуяны тастыктап, толук маалыматты бүгүн жарыялай турганын айтышты.

 
Эң көп окулган жаңылыктар