10:24
USD 77.80
EUR 88.13
RUB 1.10

Милиция алдамчылыкка шектүү Айнагүл Жумабаеваны издеп жатат

Милиция алдамчылыкка шектүү Айнагүл Жумабаеваны издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин РИИБга 2019-жылдын 15-июнунда шаардын М.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал чала тааныш Ж.А. аттуу аял ишенимге кирип Ак-Ордо калктуу конушунан жер аянтын алып берем деп убадалап, 308 миң сомун алдап кеткенин айткан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Ленин РИИБнын тергөө кызматы Нарын облусунун 1961-жылы туулган тургуну Айнагүл Жумабаевага издөө жарыялады.

Эң көп окулган жаңылыктар