12:45
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Мурунку мэрлердин соту. Бүгүн өкүм чыгат

Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук процесс уланууда. 

Сотто мурунку мэр Кубанычбек Кулматов акыркы сөзүн сүйлөдү. Ал 2018-жылдын июнунда журналисттер эмне себептен айыпталып жатканын сурашканын, ал ушул күнгө чейин так жообун билбей турганын айтты.

«Мени эмнеге айыптап жатканын билбейм. Бул опуза сот. Мурунку мэрлердин соту- бул театр», — деди ал.

Судья өкүм чыгаруу үчүн жыйын бөлмөсүнө кирип кетти.

Эске салсак, мамлекеттик айыптоочу Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, аны 15 жылга эркинен ажыратууну жана мүлкүн конфискациялоону суранды. Мындан тышкары мамлекеттик кызматта 2 жыл иштөөгө тыюу салууну өтүндү.

Эң көп окулган жаңылыктар