20:02
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Сотто Кубанычбек Кулматовдун соңку сөзү: Мен наристедей ишенчээк болгон экенмин

Бишкек шаардык сот калаанын экс-мэрлеринин иши боюнча айыпталуучулардын адвокаттары тарабынан жазылган кайра карап чыгуу ишин улантып жатат. Сот Адис Момуналиевдин төрагалыгынын алдында өтүүдө.

Сотто соңку сөзүн сүйлөө үчүн Кубанычбек Кулматов чыкты.

Анын айтымында, ал буга чейин сот эгерде адамды күнөөлүү деп тапса, демек ал күнөөлүү деп эсептечү.

«Мен көрсө жаш баладай эле ишенчээк болгон экенмин. Тилекке каршы 1982-жылдагы атамдын тагдырын кайталап жатам. Ага кийин президент бол деп сунушташкан, бирок ал баш тарткан. Өч алсам болмок деп айткан», — дейт Кубанычбек Кулматов.

Ал соттук териштирүү иши башталганда эле журналисттер ага сотко кандай карайсыз деп суроо беришкенин кошумчалады.

«Ошол учурда мен бул сурак деп айткам. Сурак болду, сурак бойдон кала берди. Мен өзүмдү күнөөлүү эмесмин деп айткандан башка эч нерсе деп айта албайм. Атам-энемдин көзү барда мен дагы бармын. Кулматов деген фамилиямды эч качан бир дагы долларга алмаштырган эмесмин. Ушуну менен аягына чыгам», — дейт сөзүнүн соңунда экс-мэр Кубанычбек Кулматов.

Эске сала кетсек, Бишкектеги Ленин райондук сот Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратып, Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салган. Калган айыпталуучуларга да айып салынган.

Бир кылмыш ишинде бир нече эпизоддор камтылган: «Калыс-Ордо» конушундагы мектепти кытай грантына куруу, «Солнечный берег» пансионатын жана «Дастан» ААКын сатуу, муниципалдык жер участокторун жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга берүү боюнча.

Эң көп окулган жаңылыктар