08:47
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ЖАМК: Ширин Айтматованын жолдошу ашынган кылмышкерлер менен бирге отурбайт

«Үмүт-2020» кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматова Twitterге жолдошу Сыргак Кенжебаевди Бишкектеги № 1 тергөө абагында «сындырышат» деп жазып чыкты. Эске салсак, Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурунку депутаттын күйөөсү 2 айга камакка алынган. 

Бирок, ЖАМКтан 24.kg агенттигине мындай болушу мүмкүн эмес деп билдиришти. «Баардык камераларга видео көзөмөл орнотулган. Анын үстүнө Сыргак Кенжебаев карантинде турат. Аны текшерүүгө алышат. Сыргак Кенжебаев камерага киргизиле элек, балким аны экономикалык иштер боюнча шектелгендер менен бирге отургузушат. Ашынган кылмышкерлер менен бирге отурбайт», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Эске салсак, «Үмүт» кыймылынын демилгечиси Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев алдамчылыкка шектелип кармалган.

 
Эң көп окулган жаңылыктар