09:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

ЖЭБ боюнча сот. Жактоочу ЖЭБ ишинде Жээнбековдун жоопкерчилиги тууралуу

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши каралып жатат. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө. 

Тараптардын жарыш сөзү аяктап, пикирлерге өттү.

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов мамлекеттик айыптоочунун мифтик саясий куугунтуктары тууралуу кебин четке какты.

«Бирок бул миф эмес. Бул кылмыш ишинде баардык фигуранттарды «Жемкорлук» беренеси боюнча куугунтуктап жатышканын көрүп жатабыз. Ошол эле маалда мыйзамсыз байланыштар, мыйзамсыз баюу фактыларын аныктап чыгышкан жок. Кылмыш ишинин томдорунда болгону расмий жолугушуулар айтылат. Мунун баарын жемкорлук менен күрөшүү дешүүдө», — деди ал.

Жактоочу Райымбек Матраимовдун иши боюнча журналисттер коррупциялык схемаларды көтөрүп чыгышса дагы, прокуратура, УКМК жана Каржы полициясы көрбөй жатканын айтты.

ЖЭБди модернизациялоодо Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги боюнча прокурор каршы чыгууда.

Нурбек Токтакунов

«Бирок депутаттар каражаттарды пайдалануу эффективдүүлүгүн текшерүүдөн баш тартышып, контракт форматын жана эсептөө ыкмасын мыйзам деңгээлинде кабыл алышкан. Заказ берген тарап ар бир этапта кабыл алган», — деди ал. Анын пикиринде, объекттин сапатын кабыл алуу процесси- ошол кездеги өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун түздөн-түз жоопкерчилигинде болчу.

УКМКнын тергөө абагында мурунку премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, депутат Осмонбек Артыкбаев, энерготармактын топ-менеджерлери Салайдин Авазов жана Айбек Калиев кармалууда. Үй камагында Каржы министрлигинин мурунку башчысы Ольга Лаврова бар. Алардын баары «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Жемкорлук» беренелери боюнча айыпталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар