15:52
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Каражатты балдар үйүнө берсе болмок. Сапар Исаков Осмонбек Артыкбаев тууралуу

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков Осмонбек Артыкбаевдин өз чөнтөгүнөн 100 миллион сом бергенин айтып, эмнеге мындай кадамга барганына кызыкты. «Балким ошол каражатты балдар үйүнө берсе болмок», — деди ал. 

Анын айтымында, мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен иштин процесси маалында сүйлөшкөн эмес. Алар тил табыша албай, кээде бири-бирин түшүнүшө албай калчу.

«Ал — принциптүү киши. Эмнеге мени угушу керек эле? Ал тургай тергөө маалында бири-бирибизди түшүнө албай калчубуз. Кантип экөөбүздү бир банда кылып коюшту? Ал баардык жактан камсыздалган киши, анын өзүнүн бизнес-империясы бар. Ага башкалардын каражаты кереги жок. Буга күбө катары анын 100 миллион акчасын курмандыкка чалганын айтсак болот», — деди Сапар Исаков.

Эске алсак, мамлекеттик айыптоочу мурунку премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алардын айтымында, айыпталуучунун күнөөсү иштин материалы жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденди.

Эң көп окулган жаңылыктар
12-декабрь, бейшемби