06:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

ЖЭБ боюнча сот. Прокурор Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Тараптардын жарыш сөзүнө кезек берилди. Мамлекеттик айыптоочу мурунку премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыратууну суранды. Алардын айтымында, айыпталуучунун күнөөсү иштин материалы жана күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен далилденди. 

«Күбөлөр көрсөткөндөй, 2008-жылдан 2010-жылга чейин Бүткүл дүйнөлүк банк менен бирге Бишкек ЖЭБди модернизациялоо (150 миллион долларга) тууралуу маселе иштелип чыккан. Сотто күбө Игорь Чудинов, ал премьер-министр болуп турганда Энергетика министрлигинин жана «Электрдик станциялар» ААКнын жумушчу тобу 230 мегаватт кубаттуулукту тартуучу модернизациялоо долбооруна токтошконун айткан. Ошондой эле ал Исаков эл аралык жолугушууларда сунушталган долбоорлордан кабардар болушу мүмкүн экендигин кошумчалаган. Анткени бул маселелер күн тартибине киргизилген. Башка күбөлөрүн көрсөтмөлөрүнө ылайык, Исаков Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин (ЦАРИИ) байланыш кызматынын жетекчиси болуп иштеген, анда ал инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн, Кытайдан келген делегациянын иш сапары маселелери менен алектенчү. Мунун катарында ЖЭБди модернизациялоо дагы бар», — деди прокурор.

Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, ошол маалда Айбек Калиев Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттикте эксперт болуп иштеген. Алар тарабынан суммасы 150 миллион долларды түзгөн Бишкек ЖЭБди модернизациялоо маселеси иштелип чыккан. Каржылоо Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан берилмек.

«Өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги аталган долбоордун ишке ашыруучу идеясын жана компаниянын сунушун четке каккан. Алексей Елисеевдин айтымында, ЖЭБди модернизациялоо долбооруна кызыкдар тараптар: кытайлык аэрокосмикалык илим жана техника компаниясы (150 миллион доллар), ТВЕА (200 миллион доллар) жана «Кытайдын электр түйүндөрү» мамлекеттик корпорациясы (150 миллион доллар) болгон», — деди прокурор.

Айыптоочунун версиясында, Сапар Исаков мурунтан эле ТВЕАнын сунушу Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей (жогорулатылган баа, техникалык жана технологиялык кемчиликтер) тургандыгын билген. Алексей Елисеевдин көрсөтмөсү боюнча, бул компанияны жылуулук электр борборун реконструкциялайт деп карашкан эмес, анткени компания коррупциялык схеманы сунуштап, өздөрүнүн беделине шек келтиришкен. Алардын мындай жагымсыз кадыр-баркына карабай Сапар Исаков алардын (ТВЕА) ЖЭБди модернизациялоодо башкы подрядчы катары тандалышына укук берген болушу мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар