Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-октябрда РИИБга шаардын Д.М. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, 7-Апрель көчөсүндөгү техникалык тейлөө станциясынын кызматкерине карата чара көрүүнү суранган. Айтымында, 7-сентябрда шектүү алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, «Хонда фит» үлгүсүндөгү унаасын (3 миң 600 долларлык) сырдап берем деп 19 миң сомун алган. Андан кийин станция кызматкери унааны айдап кеткен бойдон дайынын таптырбай жоголгон.
Аталган окуяга шектүү делип 1983-жылы туулган Ю.А. кармалды. Ал мас абалда унаа башкарып жүргөн жеринен колго түшүрүлдү.