13:30
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

ЖЭБ боюнча сот. ТВЕАнын Кыргызстандагы директорунун көрсөтмөсү окулду

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сот кылмыш ишинин материалдарын изилдөөгө өттү.

Инара Гилязетдинова 3 эркек кишинин телефондогу сүйлөшүүсүнүн стенограммасын окуду. Текстке караганда, негизинен бир киши көбүрөөк сүйлөп, калган экөө угуп турушкан. 

«Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматы алгач сени текшерип, сынашат. Андан кийин коркутууга өтөт. Өткөн жумада сурак болуп, бир жетекчи менен менин камакка алынышым боюнча тартыша кеттик. Мен эмнеге отурам? Алардын кандай далилдери бар? Ал унааны эмнеге сатып салдың деп менден сурады. Бизде унааны сатканга укугубуз бар. 22-январда унаа шаардан чыгып кеткен, анан байланыш үзүлдү. Биз анда ортомчу төлөйт деп сүйлөшкөнбүз. Мен дагы кандай күнөөм бар экенин, алардын кандай далилдери бар экенин сурадым, алар далилдери жок экенин айтышты», — деп судья цитатаны окуду.

Сүйлөшүү маалында эркек киши ага коркутуулар болгонун айтты.

«Алар өлкөнү чоң суммадагы акчага отургуздуңар, күнөөңөр көп дешти. Ачууланышты, сөгүштү, бирок мен унчуккан жокмун. 18-майда мени камакка ала электен мурун өкмөт башчы менен менин мамилем кандай экенин сурашты. Азыр эгер мен айта турган болсом, мага эч нерсе кылбай тургандыктарын, кепилдик бар экенин айтышууда. Эгер унчукпасам анда айып тагышат, ал эми кытай тарапка баары бир, менин жашоом ушул жерде бүтөт», -деп жазылат документте.

Адвокат Нурбек Токтакунов журналисттерге судья ТВЕАнын Кыргызстандагы директору Мусажан Макелектин көрсөтмөсүн окуп берди деп түшүндүрдү. Анын айтымында, компаниянын өкүлүнө мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковго каршы көрсөтмө бер деп кысымга алуу аракети болгон.

Мусажан Макелек кытайлык 2 жаран менен сүйлөшкөн. Бирок алардын ким экени такталган эмес.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби