14:27
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

ЖЭБ боюнча сот. Айыпталуучулар менен судьянын ортосунда кайым айтыш орун алды

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сот кылмыш ишинин материалдарын изилдөөгө өттү. «Ар-Намыс» фракциясынын лидери Феликс Куловдун ТВЕА компаниясын тандоо тууралуу чечимди кайра кароо жөнүндөгү каты окулду.

Изилдөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар Бүткүл дүйнөлүк банктын документтерин жана Роза Отунбаеванын Кытайга болгон сапары тууралуу материалды окууну суранышты.

Бирок судья Инара Гилязетдинова алардын ишке тиешеси жоктугун айтып, окуган жок. Айыпталуучулар менен судьянын ортосунда кайым айтыш орун алды.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, төрагалык кылуучу судья иштин материалдарынын баарын изилдеши керек, ал болсо барактап да койгон жок.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

 

Эң көп окулган жаңылыктар