22:58
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИББдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 20-октябрында РИИБге шаардын Н.Б. аттуу тургуну арыз менен кайрылып, Мира аттуу аялга чара көрүүнү суранган. Айтымында, шектүү анын ишенимине кирип, «Көк-Жар» калктуу конушунан жер алып берем деп жалпы суммасы 13 миң долларын алып алган.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Аталган окуяга шектүү делген 1968-жылы туулган А.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 
Эң көп окулган жаңылыктар