15:25
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

ЖЭБ боюнча сот. Артыкбаев чечимди кабыл алууда ага басым көрсөтүлгөнүн айтты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сот Осмонбек Артыкбаевди суракка алды. Ал башка айыпталуучулардын суроосуна жооп берип жатып, чечимди кабыл алууда ага басым көрсөтүлгөнүн белгиледи.

«Бирок, тилекке каршы оозеки көрсөтмөлөр жана басымдар документтештирилбейт. Оозеки түрдө мыйзамсыз буйрук беришет, анан жооп берүүгө туура келет. Принциптүүлүгүмдөн кызматтан кеткем», — деди Осмонбек Артыкбаев.

Айыпталуучулар Жолдош Назаров, Айбек Калиев жана Жантөрө Сатыбалдиев андан ортодо ич ара сүйлөшүүлөр болгонбу деп суроо беришти. «Биздин арабызда келишим болгон беле? Анда менин үлүшүм кана?», — деп собол узатты Жантөрө Сатыбалдиев.

«Мен эч ким менен сүйлөшүп алган эмесмин. Мен баарынын алдында тазамын», — деди Осмонбек Артыкбаев.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар
24-апрель, шаршемби