12:49
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ЖЭБ боюнча сот. Артыкбаев президенттин командасы менен бир пикирге келе албаган

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сот Осмонбек Артыкбаевди суракка алды.

Осмонбек Артыкбаев 2013-жылдын 22-майында энергетика министри болуп дайындалгандан кийин ЖЭБди модернизациялоо маселелери талкууга алынган жыйын өткөргөнүн айтты.

«Маселени президенттин тапшырмасы боюнча караганбыз», — деди ал.

Мурунку энергетика министринин айтымында, ЖЭБди модернизациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруудан мурун отставкага кеткен.

«Президенттин айланасындагылар менен пикир келишпестик жаралып, 2014-жылы кызматтан кеткем. Кетээр алдында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге киргеним эсимде, ал мени кал деп суранган,» — деди айыпталуучу. 

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Модернизациялоо иши 2014-жылы башталган.

Эң көп окулган жаңылыктар