08:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

ЖЭБ боюнча сот. Осмонбек Артыкбаев сурак берүүдө

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Сот Осмонбек Артыкбаевди суракка алды.

Мурунку энергетика министри кызматка 2013-жылдын 22-майында дайындалганын, бирок ишке 27-майда чыкканын айтты.

«Мени бул кызматка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев чакырган. Ал менин талапкерлигимди энергетиктер сунуштаганын айткан. Дагы бир талапкер бар болчу, бирок аны жогорку жетекчилик жактырбаптыр», — деди Осмонбек Артыкбаев. 

Мурунку министр 28-майда ага ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун баасын төмөндөтүү боюнча ишти жүргүзүү тууралуу кызматтык кат келгенин айтты. «Мен катты 28-майда кароого милдеттүү болчумун. Анда ТВЕА компаниясы тууралуу кеп болгон. Компания 390 миллион доллар суммага реконструкциялоону сунуштаган. Болгону 4 компания өз кызматын сунуштаган, бирок ТВЕАны тандашкан», — деди ал.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар