08:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

ЖЭБ боюнча сот. Жантөрө Сатыбалдиев күнөөнү мойнуна алган жок

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө. Сот Жантөрө Сатыбалдиевди суракка алууга өттү.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев күнөөнү мойнуна алган жок. Ал өзүнүн таза экенин тастыктай тургандыгын айтты.

«Менин өкмөтүм 2014-жылдын 26-мартында кетти. Насыя жана макулдашууга июнда кол коюлган, курулуш иштери 2015-жылдын ноябрында башталды. Инвестиция тартуу -бир, курулуш иштери -таптакыр башка экенин мен бир канча жолу айтып келгем. Инвестиция тартууда 2 өкмөт катышты, ал эми курулуш иштерин башка кишилер жүргүзгөн», — деди Жантөрө Сатыбалдиев. 

Ал иштин адилеттүү каралышынан үмүттөнөөрүн кошумчалады.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар