16:51
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

ЖЭБ боюнча сот. Мурунку аткаминерлер Кытай шартына кантип макул болгону тууралуу

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Экинчи күнү мурунку премьер-министр Сапар Исаков сурак берүүсүн улантты. Бүгүн жактоочулар ага суроо беришет.

Мурунку энергетика министринин орун басары Айбек Калиевдин суроосуна Сапар Исаков жооп берип жатып, Кыргызстан жеңилдетилген насыяны алуу үчүн Кытайдын шарттары менен макул болушу керек болчу деди. «Кытай подрядчыны өзү тандайт, бул насыяны алуудагы шарттардын бири болчу. Алар талаптары жазылган документти беришкен», — деди Сапар Исаков.

Айтымында, ТВЕАнын жылуулук борборун модернизациялоо чөйрөсүндө тиешелүү тажрыйбасы жоктугун билген эмес. «Мен аны билген эмесмин. Биз Кытайдын профилдик ведомствосунан ТВЕА тууралуу маалымат алганбыз, анда ТВЕАны Тажикстанда объект курду деп айтылган», — деди мурунку өкмөт башчы.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар