18:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

ЖЭБ чыры. Сапар Исаков күнөөнү мойнуна алган жок

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Бүгүн соттук отурумда айыпталуучулар суракка алынууда. Биринчи болуп мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берди.

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков күнөөнү мойнуна алган жок. Ал эч кандай активдери жок экенин айтты.

«Тергөө банктарга билдирме жөнөткөнүн көрдүм. Менин жакындарымды, ал тургай досторумду дагы текшеришти. Дагы жакшы, менин досторум бай эмес. Болбосо алардын мүлкүн дагы камакка алышмак. Эгер менде бир нерсе болгон болсо, аны эчак табышмак. Бул менин намысымды басынтууда», — деди Сапар Исаков. 

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар