14:40
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

ЖЭБ чыры. Сапар Исаков 2010-жылы ТВЕА менен болгон сүйлөшүүлөрдү четке какты

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Процессте айыпталуучуларды суракка алуу башталды. Биринчи болуп мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берүүдө. Алгач жооп берерден мурун ал эксперттер Г. Асанова менен Евгений Хафизовдун эмне себептен келбегендигин сурап кызыкты. Судья азырынча аларды алып келбегенин айтты.

Эске салсак, Сапар Исаков күн мурун «Мени бир күндө алып келди, Асанова менен Хафизовду бир айдан бери алып келе алышкан жок. Биз чыгымды кантип аныкташканын билишибиз керек», — деп эки эксперттерди сотко алып келүү талабын койгон.

Сапар Исаков сөзүн өзүнүн өмүр баянынан баштады. Мамлекеттик айыптоочу буга нааразы болду.

«Менин кайда жана качан иштегеним түшүнүктүү болот», — деп жооп берди айыпталуучу. Айтымында, ЖЭБди модернизациялоо үчүн ТВЕАдан башка дагы 2 компания менен сүйлөшүүлөр жүргөн.

«2008-жылы октябрда Бишкектин мэри Нариман Түлеев жылуулук борборунун жабдыктарынын айрым бөлүгүн алмаштыруу үчүн 500 миллион доллар керектигин жазган», — деди Сапар Исаков.

Ал Кытайда 2010-жылы ЖЭБди модернизациялоо боюнча ТВЕА менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү (Анда долбоордун баасы 360 миллион доллардан аз деп көрсөтүлгөн) четке какты. «Бул акылга сыйбаган нерсе. Жалган жана калп. Мен сиздерге Кыргызстандын Кытайдагы элчисинин отчетун окуп берейин. Анда Кытайда ЖЭБди модернизациялоо боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөнү маалым», -деди мурунку өкмөт башчы.

Эске салсак, буга чейин 2010-жылы сүйлөшүүлөр тууралуу Өнүгүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин кызматкери Алексей Елисеев билдирген. Айтымында, Бишкек ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун баасы кыргызстандык аткаминерлер тарабынан эч качан 150 миллион доллардан жогору каралган эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар