00:25
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

ЖЭБ чыры. Сотто айыпталуучулар сурак беришет: биринчи болуп Сапар Исаков суралат

Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш ишин кароо уланууда. Процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгы алдында өтүүдө.

Бүгүн Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев ЖЭБди модернизациялоодо кеткен каражаттын чыгымына кайрадан экспертиза жүргүзүүнү өтүндү.

Судья өтүнүчтү четке кагып, Кыргызстанда тиешелүү эксперттер жок экенин айтты.

«Ал эми чет жерден экспертиза жүргүзүү кооптуу, аны ким жана кантип жасайт белгисиз», — деди Инара Гилязетдинова. Ал бул процесс узакка созулаарын жана кымбат экенин дагы баса белгиледи.

Бүгүн соттук отурумда айыпталуучулар суракка алынат. Биринчи болуп мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков сурак берет.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар