23:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Борбор калаада алдамчылыкка шектүү делген эки аял кармалды

Борбор калаада алдамчылыкка шектүү делген эки аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

23-октябрда милицияга 11 жаран кайрылып, шектүүлөр 2018-жылдын сентябрь айынан бери жарандардын ишенимине кирип, АКШга жана Норвегияга виза жасап беребиз деп акчаны алгандан кийин качып кеткендерин айтышкан. Жабырлануучуларга жалпы 96 миң долларлык чыгым келтирилген.

Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 1973-жылы туулган З.Ж. жана 1960-жылы туулган О.Н. аттуу аялдар кармалышты.



Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума