07:48
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Сапар Исаков соттук отурумга катышпай, камерадан чыгуудан баш тартты

Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча айыпталып жаткан мурунку премьер-министр Сапар Исаков соттук отурумга катышпай, камерадан чыгуудан баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн соттук отурум маалында айыпталуучулардын коргоочулары 2 күбөнү мажбурлап алып келүү тууралуу өтүнүчтү билдиришкен. Алар соттук-экономикалык жана соттук-курулуш экспертизаларын жүргүзүп жатышкан.

«Буга чейин прокуратура аларга бир канча жолу билдирме жөнөткөн, бирок эксперттер сотко келишкен эмес. Биз аларды суракка алышыбыз керек, анткени 111 миллион доллар өлчөмүндөгү чыгым кайдан келгенин түшүнүшүбүз керек. Судья мажбурлап алып келүү тууралуу токтомду чыгарып, түштөн кийин айыпталуучуларды суракка алмак. Сапар Исаков камерадан чыккан жок, анткени ал күбөлөр суралгандан кийин көрсөтмө берем дейт. Жыйынтыгында сот айыпталуучуну мажбурлап алып келүү тууралуу чечим чыгарды. Аны кандай жол менен алып келишет белгисиз. Анткени тергөө абагы сот аткаруучулар үчүн жеткиликсиз», -деди Замир Жоошев.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар