16:12
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Сапар Исаковдун абалы жакшыра элек. Соттук териштирүүнү токтотуу өтүнүчү айтылды

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочулары Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнү токтотуу тууралуу өтүнүчтү билдиришти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Замир Жоошев билдирди.

Айтымында, Сапар Исаковдун абалы жакшыра элек. Соттук териштирүүлөргө катыша албайт, мындан улам керектүү дарылануусун алуу үчүн жумалык тыныгуу керектелүүдө. Мындан тышкары дагы бир айыпталуучу, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлап кетти.

Сапар Исаков 16-августта ооруканага «омуртка артериясынын синдрому» деген диагноз менен жатып дарыланган.

Эске сала кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 миллиард 439 миллион сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурунку премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурунку башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энергохолдингдин башчысынын мурунку орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Биримкулов жана мурунку финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар