15:53
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр чет өлкөгө кетип жатат

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр чет өлкөгө кетип жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине күбөлөр билдиришти. 

Маалыматка караганда, Кадыр Атамбаев учурда аба майданда турат.

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин уулу өлкөдөн кетип жатканын тастыктады. Айтымында, ал аспирантурага тапшырат. Бирок, анын кайсыл шаарда окуй турганы айтылган жок.

Кадыр Атамбаев бир жумадан кийин кайра кайтып келээри айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума