07:11
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Канат Сагымбаев № 1 тергөө абагында кимдер менен отурганы айтылды

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурунку кызматкери Канат Сагымбаев № 1 тергөө абагында кимдер менен отурганын ЖАМКтан айтып беришти. 

Маалыматка ылайык, ички абалга жараша укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлерин тергөө абагында башка соттолуучулардан бөлөк кармашат. Канат Сагымбаев кызыл камерада отурат. ЖАМКтан билдиришкендей, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин эч качан катардагы жарандар менен бирге отургузбайт. Тартип ушундай. Мындан тышкары камерада 5тен ашуун киши болбошу керек.

«Эгерде тергөө абагында 10дон ашуун укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлери топтолуп калган болсо, аларды так санга бөлүп камераларга жайгаштырабыз. Канат Сагымбаевдин жанында 4төн ашуун киши болбошу керек», -деп билдирди ЖАМК.

Бирок, жактоочу Замир Жоошев бул маалыматты тастыктаган жок. Айтымында, Канат Сагымбаев укук коргоо органдарынын жана аскердик түзмдөрдүн өкүлдөрү менен бирге отурат. Анын жанында 11 киши бар. Бирок, Канат Сагымбаевдин кармоо шарттарына карата нааразычылыгы жок.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар