20:22
USD 88.21
EUR 95.66
RUB 0.97

Атамбаевдин иши. Канат Сагымбаев № 1 тергөө абагына киргизилди

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев № 1 тергөө абагына киргизилди. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды. 

Иштен алынган УКМКнын Тогузунчу кызматынын кызматкери 8-октябрга чейин камакта болот.

Эске салсак, мурунку мамлекет башчы 8-августта бийликке багынып бергенден кийин, ошол эле кечте ИИМдин сурагына Канат Сагынбаев дагы алынып келинген. Ага Кой-Таштагы башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишине катыштыгы бар делип айып коюлган.

Эң көп окулган жаңылыктар