12:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2023-жылы «Кумтөр» 302,4 миллион доллар таза киреше алды

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2023-жылдагы таза кирешеси пландагы 194 миллион доллардын ордуна 302,4 миллион долларды түздү. Бул туурлауу компаниянын сайтында маалымдалды.

Ишкананын 2023-жылы өндүрүштүк ишмердүүлүктөн түшкөн жалпы кирешеси пландагы 734,2 миллион доллардын ордуна 849 миллион долларды түзгөн.

Былтыр 13 тонна 577 килограмм алтын реализацияланган.

Республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которулду.

«Кумтөр Голд Компанинин» капиталдык салымдарынын өлчөмү 2022-жылы 186,1 миллион доллар болсо, 2023-жылы 111,5 миллион долларды түздү. Өткөн жылы Токмок шаарында дөңгөлөктөрдү кайра иштетүү жана калыбына келтирүү заводу тесттик режимде ишке киргизилип, 17 тоннадан ашык алтындын запасы бар Тоголок алтын кенин өздөштүрүү жумуштары башталды. Капиталдык салымдардын эсебинен Кумтөр кен жайындагы Алтын ылгоочу фабрикага заманбап эки тик тегирмен жана кошумча эритүүчү жаңы чандар орнотулду. Муну менен жылына 7 миңден 12 миң унцияга чейин кошумча алтын өндүрүүгө шарт түзүлдү. Ошондой эле 2023-жылы Кумтөр кен жайына 93 даана ар кандай атайын техникалар сатылып алынган«, — деп айтылат маалыматта.

Иш процессин оптималдаштыруу жана жабдууларды жаңылоо аркылуу өткөн жылы тоо-кен иштерин жүргүзүүдө 30 миллион доллардан ашык каражат үнөмдөлгөн.

Мындан сырткары, 2023-жылы «Кумтөр Голд Компани» тарабынан «Ысык-Көл облусун өнүктүрүү» фондуна 8 миллион 389 миң доллар, Нарын облусун өнүктүрүү боюнча «Теңир-Тоо» фондуна 5 миллион 33 миң доллар, Аймактарды өнүктүрүү боюнча өнөктөштүк фондуна 1 миллион 597 миң доллар, Жаратылышты өнүктүрүү фондуна 1 миллион 542 миң доллар которулган.

Эң көп окулган жаңылыктар