20:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Атамбаевдин иши. Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованы суракка чакырышты

Депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранованы бүгүн кайрадан ИИМдин тергөө кызматына сурак берүүгө чакырышты. Укук коргоо органдарына КСДПнын мүчөлөрү Кундуз Жолдубаева, Назгүл Мамытова жана Роза Түрксевер дагы чакырылды. Бул тууралуу партиянын катчылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Роза Түрксеверди криминалдык милиция алып кетти. КСДП бул көрүнүштү эртең мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнө карата уюштурула турган тынчтык митингинин алдында, партия мүчөлөрүн жана мурунку президенттин тарапташтарын коркутуп-үркүтүүгө болгон аракет деп эсептешет.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума