13:30
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаев психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Алмазбек Атамбаев психиатралдык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева депутат Ирина Карамушкинага шилтеме берип билдирди. 

Анын айтымында, психиатрлар УКМКнын тергөө абагына келишкен. Бирок, мурунку президент дарыгерлердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. 

«Бүгүн экспертизадан Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова өтүштү. Алардын айтымында, текшерүү баарлашуу формасында болду. Жыйынтыгы 10 күндөн кийин чыгат", - деди Кундуз Жолдубаева. 

Эске салсак, 12-ноябрда оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу, Жазык-процесттик кодексинин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Алмазбек Атамбаевге дагы соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыгарылды.

 

Эң көп окулган жаңылыктар