USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Атамбаевге адам өлүмүнө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылды

09:24, 19 декабря 2019, Бишкек - 24.kg

7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон фактылар боюнча иликтенип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан мурунку президент Алмазбек Атамбаевге «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Билдирүүгө ылайык, маалымдама анын жактоочусу Сергей Слесаревдун катышуусунда тапшырылды.

Эске салсак, кечээ айрым маалыматтык агенттиктерге Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Альфа» атайын багыттагы командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлтүрүлүшү боюнча расмий түрдө айып тагылган эместигин билдирген.

 

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика