USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. Тарапташтары тынчтык акциясын өткөрүшөт

10:49, 13 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүнүн урматына анын тарапташтары тынчтык акциясын өткөрүшөт. Бул тууралуу Фейсбуктун колдонуучусу Кундуз Ажибекова жазып чыкты. 

Анын айтымында, Атамбаевдин тарапташтары Бишкек мэриясына 17-сентябрда Горький атындагы эс алуу жайында иш-чара өтөт деп билдирүү жиберишти.

«Ал жакта каалоо-тилектерди чогултуу боюнча атайын жай уюштурулат. Аларды Алмазбек Атамбаевге беребиз. Баардык шаардыктарды жана меймандарды чакырабыз», -деп жазган Кундуз Ажибекова.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика